Мао Цзэдун

Википедия дан
Мао Цзэдун (1959)

Мао Цзэдун (26. 12. 1893, Хунань провинциясы, Сянтань уезди, Шаошань кыштагы – 9. 9. 1976, Пекин) – Кытайдын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1918-жылы Чанша шаарында педагогикалык окуу жайын бүткөн. 1918–19-жылдары Пекин университетинин китепканасында иштеген. 1920-жылы коммунисттик ийримдерге кошулган. 1921-жылы Кытай коммунисттик партиясынын (ККП) 1-съездинин ишине катышкан. 1923–25- жана 1928-жылдан ККП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү. 1927-жылы Цзинганшань тоолуу районунда (Хунань жана Цзянси провинцияларынын ортосунда) Чжу Дэ ж. б. ККПнын ишмерлери менен бирге революциялык таяныч базасын түзгөн. 1928-жылы Кытай Кызыл армиясынын 4-корпусунун саясий комиссары болуп дайындалган. 1931-жылы Жуйцзинде (Цзянси провинциясы) өткөн советтик райондордун өкүлдөрүнүн Жалпы кытайлык 1-съездинде Кытай Республикасында БАК жана ЭКСтин төрагасы болуп шайланган. 1933-жылдан ККП БК Саясий бюросунун мүчөсү. Анын улутчулдук умтулуулары ошо кезде эле байкалган. 1935-жылы январдан ККП БКнын Секретариатынын курамында. 1943-жылдан ККП БКнын, 1949-жылдан КЭРдин Борбордук элдик өкмөт советинин жана КЭРдин Элдик революциячыл аскер со­ветинин төрагасы. 1954–59-жылдары КЭРдин жана КЭР Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы. 1966–76-жылдары Мао Цзэдун өз бийлигин бекемдөө үчүн маданий революция жүргүзүп, Кытайдын өнүгүшүнө терс таасир тийгизген. ККПнин 9-съезди (1969) кабыл алган Уставда «Мао Цзэдундун идеялары» партиянын идеологиялык негизи, Мао Цзэдун ККПнин түбөлүк жетекчиси деп жарыяланган. ККПнин 10-съезди (1973) аны ырастаган. 1950-жылдардын аягынан Мао Цзэдун улуу державалык гегемонизм, антисоветизм, социалисттик кызматташтыктын жана дүйнөлүк коммунисттик кыймылдын ыркын бузуу, марксизмди ревизиялоо саясатын жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]