Мазмунга өтүү

Маратс Касемс

Википедия — ачык энциклопедия
Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда.
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүңүздөр.

Маратс Касемс (1990-жылдын 14-мартында Рига, Латвияда төрөлгөн) — латвиялык журналист жана Орусиянын мамлекеттик Россия сегодня агенттигине караштуу Sputnik Литва агенттигинин мурдагы башкы редактору. Ал орус медиасындагы катышуусу, Латвиядагы саясий ишмердүүлүгү жана улуттук коопсуздукка байланыштуу сот процесстери менен белгилүү.

Балалык жана билими

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Касемс йемендик атанын жана латвиялык эненин баласы. Атасы Фадель Касем аскердик кызмат өтөгөн. Ал Саласпилс музыкалык мектебинде фортепианодо окуган жана кийин Латвия университетинде саясий илимдерди окуй баштаган, бирок окуусун аяктаган эмес. Андан кийин Россия элдер достугу университетинен магистрдик даража алган.

Саясий ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылы Касемс Хармония партиясынан Саласпилс шаар кеңешине талапкер болгон. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп сөгүнгөн видеосу тарап кеткенден кийин партиядан чыгарылган.

2018-жылы “Альтернатива үчүн” (Par Alternatīvu) саясий коалициясынын атынан парламенттик шайлоого катышкан жана Россия сегодня агенттигинин журналисти катары өзүн тааныштырган.

Орусия медиасындагы ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Касемс Sputnik Литва агенттигинин башкы редактору болуп дайындалган. 2019-жылы Литва бийлиги аны persona non grata деп жарыялап, улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан деген жүйө менен өлкөгө беш жыл кирүүгө тыюу салган[1].

Латвияда камалышы жана соту

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын 30-декабрында Касемс Латвияга кайтып келгенде, аны Латвия мамлекеттик коопсуздук кызматы кармаган. Ал Латвия Республикасына каршы иш-аракеттерде чет өлкөлүк мамлекетти колдогон деп, Латвиянын Кылмыш кодексинин 84-беренеси боюнча айыпталган. Ошондой эле ал Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкцияларын бузуу жана тыңчылык боюнча шектелген.

2023-жылдын апрелинде күрөөгө бошотулуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Июль айында күнөөлүү деп табылып, күнөөсүн мойнуна алгандыгы жана өкүнүүсү эске алынып, 15 500 евро айып пулга жыгылган[2].

Кийинки маектер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2023-жылдын августунда Касемс Delfi жаңылык порталына маек берип, орус медиасынын башчысы Дмитрий Киселёв үчүн жасаган ишин “кир иш” жана жакшы акы төлөнбөгөн деп мүнөздөгөн. Ал Орусияга кайткысы келбей турганын билдирген. Бул маек кийин сайттан өчүрүлгөн. Латвиянын TV3 Латвия телеканалына берген башка бир маегинде ал Саэйм депутаттыгына дагы талапкерлигин коюуга кызыкдар экенин билдирген.

Көз караштары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Касемс Латвия сыяктуу чакан мамлекет өзүнүн маалымат мейкиндигин коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга тийиш экенин белгилеген. Ошондой эле улуттук өздүк “латыш” түшүнүгүн кеңири, баардык көптөн бери жашаган тургундарды латыш жана мекенчил деп кабыл алыш керек деген ойду айткан. Ал тыюу салынган телеканалдардын эл арасында популярдуулугу чечилбей келген коомдук ажырымдар менен маалыматтык мүчүлүштүктөрдү көрсөтөт деп эсептейт.

  1. LRT.lt. Sputnik editor admits his mission was to ‘destabilise’ Lithuania (англ.). lrt.lt (18 March 2024).
  2. Former Putin propagandist prefers not to return to Russia (англ.). eng.lsm.lv (18 March 2024).