Марвази Шараф Аз-Заман Тахир

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Марвази Шараф Аз-Заман Тахир – 11–12-кылымдагы селжук султандарынын дарыгери, энциклопедиячы илимпоз. Мерв шаарында туулган. «Таббаи ал Хайаван» («Жаныбарлардын табигый касиеттери») деген китеп жазган. Китеп зоологияга арналса да, анда ар кандай өлкөлөр жана элдер жөнүндө маалыматтар берилген, түрк уруулары: огуз, түркмөн, кыргыз, ягма, карлук жана башка жөнүндө жазылган. Автор кыргыздардын диний ишенимдери тууралуу маалыматтарды берген.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]