Марганец кенташтары

Википедия дан

Марганец кенташтары – курамында марганец же анын бирикмелери бар минералдардын табигый чогундусу. Эң негизги минералдарына пиролюзит (Mn 63,2%), псиломелан (45–60%), манганит (62,5%), вернадит (уу–52%), браунит (69,5%), гаусманит (72%), родохрозит (47,8%), олигонит (23–32%), родонит (32–41%) ж. б. кирет. Курамында кошунду түрдө темир кездешет. Кен чөкмө, чанда метаморфоген жана үбөлөнүү процесстеринен пайда болот. Чөкмө кендери байыркы деңиздер менен көлдөрдүн түбүндө кабат же линза түрүндө топтолот. Алар төмөнкүдөй типтерден турат: 1) кычкылдануу – тайыз көлдөрдөгү псиломен-пиролюзит жана манганит кенташтары; 2) карбонаттуу – тереңдиктен орун алган родохрозит, олигонит, манганит-кальциттүү кенташтар; 3) метаморфизмделген – өтө жогорку температура менен туш тараптан кысуучу күчтүү басымдын таасиринен өзгөрүүлөргө дуушар болгон кендер. Курамында марганецтин суусуз кычкылдары (браунит, гаусманит) жана кычкылдары (родонит ж. б.) кездешет; 4) үбөлөнүү кендери кычкылдануу зонасында марганецтин топтолушунан пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]