Марганец рудалары

Википедия дан

Марганец рудалары — бөлүп алууга экономикалык жактан татыктуу өлчөмдөгү марганеци же анын бирик­мелери бар табигый минералдардын чогундусу.

Руда пайда кылуучу эң негизги минералдары: пиролюзит (составында Мп 63,2%), нсиломелан (45—60%), манганит (62,5%), браунит (69,5%), гаусманит (72%), родо­хрозит (47,8%), родонит (32—41%).

Марганец рудаларында көпчүлүк учурда темир ми­нералдары болот. Өнөр жайлык мааннси боюнча негизги орунда чөкмө кендери турат.

Алар байыркы денизде же көлдө кабат жана линза түрүндө топтолгон (мис., Украинада—- ц- кополь, Грузияда — Чиатура. Кьггт-д- да — Арчалы, Жакболот, Жетж-Өгуз кендери ж. б.). Чекме кендердин ичинде төмөнку негизги типтери бар; а) кычкылдуу —тайыздыкта пай­да болгон псиломелан - пиролюзиттуу жана манганиттуу рудалар; б) карбонаттуу — өтө тереңдикте пайда болгон көбүнчө родохрозит, олигонит, манга­нит-кальциттуу рудалар. Мета­морфизм кендери жогорку температуpa менен басымдын таасиринен чөкмө кендердин өзгөрүлгөнүнөн келип чыгат да составында көбүнчө марганецтин суусуз кычкылдары (браунит, гаусманит) жана кыч кылдары (родонит ж. б.) болот. Үбөлөнүү кендери — кендердин кыч­кылдануу зонасында марганецтин топтолушунан пайда болот. Океандардын тубундо темпр-марганец конкрецияларынын жыйындылары Марганец рудалрынын ири ресурсун тузөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.