Маргарет Тэтчер
Маргарет Тэтчер англ. Margaret Thatcher | ||||
![]() | ||||
Маргарет Тэтчер, оппозициянын лидери, 18-сентябрь 1975-жыл. | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
30 июнь 1992 — 8 апрель 2013 | ||||
Монарх: | Елизавета II | |||
| ||||
4 мая 1979 — 28 ноябрь 1990 | ||||
Монарх: | Елизавета II | |||
Андан мурунку: | Джеймс Каллаган | |||
Мураскору: | Джон Мейджор | |||
| ||||
11 февраль 1975 — 27 ноябрь 1990 | ||||
Андан мурунку: | Эдвард Хит | |||
Мураскору: | Джон Мейджор | |||
| ||||
20 июня 1970 — 4 марта 1974 | ||||
Андан мурунку: | Эдуард Шорт | |||
Мураскору: | Рег Прентик | |||
Туулган жылы: | 13 октябрь 1925 | |||
Туулган жери: | Грантем, Линкольншир, Англия, Улуу Британия | |||
Каза болгон жылы: | 8 апрель 2013 | |||
Каза болгон жери: | Лондон, Англия, Улуу Британия | |||
Туулганда берилген ысымы: | Маргарет Хильда Робертс | |||
Атасы: | Альфред Робертс | |||
Апасы: | Беатрис Стефенсон | |||
Жубайы: | Денис Тэтчер | |||
Партиясы: | Консервативдик партия | |||
Билими: | Сомервилл колледжи, Оксфорд университети, | |||
Кесиби: | юрист, адвокат, химик | |||
Сайты: | http://margaretthatcher.org/ | |||
Автограф: | Кол тамгасы | |||
Маргарет Тэтчер (1925–2013) – Британиянын мамлекеттик жана саясий ишмери. 1979-1990-жылдары Улуу Британиянын премьер-министри, 1975-1990-жылдары Консервативдик партиянын лидери. Бириккен Королдуктун биринчи айым премьер-министри.
Журналисттер аны чечкиндүүлүгү жана саясаттагы курч чечимдери үчүн "Темир айым" деп аташкан. Ал «Тэтчеризм» деп аталган бир катар консервативдүү чараларды ишке ашырган. Ал башкарган учурда мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн кыскартуу, мамлекеттик ишканаларды приватизациялоо, социалдык программаларды кыскартуу жана таасирдүү профсоюздарды басуу боюнча радикалдык реформалар жүргүзүлдү. Бул реформалар «тэтчеризм» деп аталган, ал британ экономикасын негизинен өзгөрттү, бирок ошондой эле социалдык жана экономикалык кесепеттерге, анын ичинде жумушсуздуктун өсүшүнө жана теңсиздиктин күчөшүнө алып келген.ь
Маргарет Тэтчер «кансыз согуштун» активдүү катышуучусу болгон, Советтер Союзуна басымды күчөтүү саясатын колдоп жана Рональд Рейгандын жакынкы тышкы саясаттагы өнөктөшү катары эсептелген. Михаил Горбачевдун бийликке келишинен кийин позициясын өзгөртүп, жаңы советтик лидерди колдогон. 1985-жылы Тэтчер СССРге барып, 1988-жылы «кансыз согуштун» аяктаганын жарыялаган.
Бир катар ички жана тышкы кризистерден кийин жана анын партиясынын ичиндеги колдоо азайгандан кийин, Тэтчер 1990-жылы кызматтан кеткен.
Жаш чагы жана билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маргарет Тэтчер 1925-жылы 13-октябрда Англиянын Грантэм шаарында төрөлгөн. Толук аты Маргарет Хильда Робертс. Атасы Альфред Робертс чакан азык-түлүк дүкөндүн ээси болго, ошол эле учурда ал жергиликтүү саясатка активдүү катышчуу. Ал бир нече жолу шаардык кеңешке шайланып, кийин мэр болуп да иштеген. Атасынын коомдук ишмердүүлүгү жана анын эмгек этикасы Маргаретке чоң таасир тийгизген.
Маргарет бала кезинен эле эмгекчилдиги жана окууга болгон кызыгуусу менен айырмаланчу. Ал жергиликтүү мектепте жакшы окуп, атайын илим жана дебаттарга кызыкчу. 1943-жылы ал Оксфорд университетинин Сомервиль колледжине тапшырып, химия адистиги боюнча билим ала баштаган. Университетте окуп жүргөндө ал Консервативдик партиянын студенттик уюмуна мүчө болуп, саясатка активдүү аралаша баштаган.
1947-жылы университетти ийгиликтүү аяктагандан кийин ал бир нече жыл бою химик-изилдөөчү болуп иштеген. Бирок анын саясий амбициялары күчтүү болгондуктан, ал көп узабай саясатка толук аралашууну чечкен. Маргарет өзүнөн жогору тепкичтеги саясатчылар менен байланыш түзүп, Консервативдик партиядагы ордун бекемдөөгө аракеттенген.
Бул мезгилде ал Денис Тэтчер аттуу ийгиликтүү ишкер менен таанышып, 1951-жылы экөө баш кошушкан. Жолдошунун колдоосу менен Маргарет юридикалык билим алып, кийинчерээк саясаттагы карьерасын улантууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Саясий карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маргарет Тэтчер саясатка болгон кызыгуусун жаш кезинен эле көрсөтүп, университетте окуп жүргөндө эле Консервативдик партиянын студенттик уюмуна кошулган. Ал биринчи жолу 1950-жылы Дартфорд округунан парламенттик шайлоого катышкан. Бул аймак салттуу түрдө Лейбористтик партиянын колунда болгондуктан, анын жеңиши мүмкүн эмес эле, бирок ал кампания учурунда өзүн мыкты дебатчы жана күчтүү саясатчы катары көрсөтө алды.
1959-жылы Маргарет Тэтчер Финчли округунан Британ парламентинин мүчөсү болуп шайланды. Парламентке келгенден кийин ал тез эле Консервативдик партиянын ичинде таанымал боло баштады. Анын чечкиндүүлүгү жана күчтүү аналитикалык жөндөмдөрү ага партия ичинде жогорку кызматтарга умтулууга жардам берди.
1970-жылы Консерваторлор шайлоодо жеңишке жетишип, Эдвард Хиттин өкмөтү түзүлгөндө, Тэтчер билим берүү министри болуп дайындалды. Бул кызматта иштеп жатып, ал бир катар талаштуу чечимдерди кабыл алган. Өзгөчө мектептерде акысыз сүт берүү программасын токтотуу тууралуу чечими чоң резонанс жараткан. Бирок ал бул чечимди бюджетти үнөмдөө жана билим берүү системасын реформалоо максатында кабыл алганын билдирген.
1974-жылы Консервативдик партия шайлоодо жеңилип, Эдвард Хит партиянын лидери кызматынан кеткен. Тэтчер бул орунга талапкерлигин коюп, жеңишке жетишкен. Ал Консервативдик партиянын биринчи аял лидери жана Британиянын негизги саясий партияларынын ичинен мындай даражага жеткен алгачкы аял саясатчы болду.
Ал неолибералдык принциптерди коргоп, мамлекеттин экономикага ашыкча кийлигишүүсүнө каршы чыкты, эркин базар экономикасын колдоду, салыкты төмөндөтүүнү жана мамлекеттик секторду приватизациялоону сунуштаган.
Мурасы жана таасири
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бир жагынан алганда, ал либералдык реформаларды жүргүзүп, мамлекеттин ролун кыскартып, жеке секторду жандандырып, экономикалык өсүштү камсыздады жана Улуу Британиянын дүйнөдөгү таасирин күчөттү. Бирок, анын катуу социалдык саясаты коомдун көп катмарларынын нааразычылыгын жаратты. Тэтчердин саясатынын приоритеттеринин арасында социалдык программаларды кыскартуу, профсоюздар менен күрөшүү жана жеке секторду колдоо болду.
Маргарет Тэтчер Фолкленд аралдарында Британиянын суверенитетин калыбына келтирүү үчүн бардык аскердик жана дипломатиялык каражаттарды колдонгон
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1) “Темир айым” Маргарет Тэтчер. https://www.super.kg/article/show/21687
2) Маргарет Тэтчер: путь «железной леди». 8 апреля 2013 года. Forbes.ru. Маргарет Тэтчер: путь «железной леди» | Forbes.ru https://www.forbes.ru/novosti-photogallery/237030-margaret-tetcher-put-zheleznoy-ledi
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Уроки «железной леди». Как политическое наследие Маргарет Тэтчер влияет на современную Британию” https://www.bbc.com/russian/articles/cvgmj91dnego