Марек ылаңы

Википедия дан

Марек ылаңы (Morbus Marek) – куштардын, көбүнчө тооктордун вирус пайда кылуучу өнөкөт ылаңы. Борбордук нерв системасына доо кеткендиктен куштун канаты жана буттары шал болуп, көзүнүн түстүү челинин өңү өзгөрөт. Ылаңды биринчи жолу венгер окумуштуусу Марек 1907-жылы полиневрит деген ат менен жазган. Ылаң Кыргызстанда да кездешет. Ылаңдаткычы курамында ДНК бар Herpesvirus galli-2 вирусу. Сырткы чөйрөдө вирус 18–20°Сде активдүүлүгүн жоготот. Табигый шартта тооктор түркүмүндөгү куштардын бардык түрү ылаңдайт. Инфекция козгогучунун булагы – ылаңдуу куштар. Вирусту чымын-чиркейлер, кенелер, коңуздар ж. б-лар алып жүрөт. Ылаңдын букма (инкубациялык) мезгили 13–15 күнгө же андан да узакка созулат. Клиникалык белгилери боюнча үч формасы (нервдик, окулярдык, висцералдык) белгилүү. Диагнозу эпизоотологиялык маалыматтардын, клиникалык белгилердин, патанатикалык өзгөрүүлөрдүн, лаборатория изилдөө­нүн жана биологиялык сыноонун негизинде коюлат. Дарылоо натыйжа бербейт. Ылаңдап айыккан кушта стерилдүү эмес иммунитет пайда болот. Алдын алуу жана күрөшүүдө куш фермасында, инкубаторлордо ветеринардык-санитардык иштердин мааниси чоң. Ылаңдуу деп күмөн саналган куштар жок кылынат. Ылаң чыккан чарбага чектөө (карантин) коюлат. Тооккананын ичи-тышы, колдонулуучу жабдыктар тазаланат, жегич натрийдин 3%түү ысык эритмеси же болбосо 3%түү хлордуу акиташ менен дезинфекцияланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]