Марий Гай

Википедия дан

Марий Гай (б. з. ч. 157-ж. ченде, Арпинумга жакын Цереате—86, Рим) — рим кол башчысы; саясий ишмер.

Тексиз үй-бүлөдөн. 119-жылдан эл трибуну, 115-жылдан претор. Мартабасы Югурти согушунда легат ка­тары көтөрүлгөн (109-жылдан). 107-ж. консул болгон. Югурти согушун 105-ж. жеңиштүү аяктаган. М. 102-ж. тевтон, 101-ж. кимвр урууларын талкалаган, ошол согуштун жүрүшүндө армияны кайра түзгөн.

Сулла Римди алгандан кийин (88) Африкага качып кеткен да, кайра Этрурияга келип, суллачылар кууп чыккан Цинна экөөлөп Римди бошоткон (87) жана саясий душмандарын аёосуз талкалаган, 7-жолу консул болуп, бир не­че күндөн кийин өлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.