Мазмунга өтүү

Марокко улуттук футбол курамасы

Википедия — ачык энциклопедия
Марокко улуттук футбол курамасы
Эн белгиси
Лакап аттары Атластык Арстандар (ар. أُسُودُ الأَطلَس)
Конфедерациясы КАФ (Африка)
Федерациясы Падышалык Марокко футбол федерациясы
Субфедерациясы Түндүк Африка футбол биримдиги
Башкы
машыктыруучусу
Мохамед Уахби
Капитаны Ашраф Хакими
Эң көп
оюн саны
Нуреддин Найбет (115)
Мыкты
бомбардири
Ахмед Фарас (36)
Үй стадиону «Принц Мулай Абделла»
ФИФА коду MAR
ФИФА рейтинги
Азыркы 8 Steady (1- апрель 2026)[1]
Мыкты 8 (январь – март 2026)
Төмөнкү 95 (сентябрь 2010)
Формасы
Форма
Форма
Негизги
форма
Форма
Форма
Резервдик
форма
Биринчи оюн
Марокко Марокко 3:3 Ирак Ирак
(Бейрут, Ливан; 19-октябрь 1957)
Эң ири жеңиш
Марокко Марокко 13:1 Сауд Арабиясы Сауд Арабиясы
(Касабланка, Марокко; 6-сентябрь 1961)
Эң ири жеңилүү
Мажарстан Мажарстан 6:0 Марокко Марокко
(Токио, Жапония; 11-октябрь 1964)
Дүйнө чемпионаты
Катышуусу 7 (биринчи жолу 1970-жылы)
Жетишкендиги 4-орун (1970)
Африка улуттар кубогу
Катышуусу 20 (биринчи жолу 1972-жылы)
Жетишкендиги Чемпион (1976, 2025)
Футбол боюнча Араб кубогу
Катышуусу 5 (биринчи жолу 1998-жылы)
Жетишкендиги Чемпион (2012, 2025)
Африка улуттар чемпионаты
Катышуусу 5 (биринчи жолу 2014-жылы)
Жетишкендиги Чемпион (2018, 2020, 2024)

Марокко улуттук футбол курамасы (ар. المنتخب المغربي لكرة القدم) — эл аралык футбол мелдештеринде Марокконун атынан чыгуучу команда. Кураманы Падышалык Марокко футбол федерациясы башкарат.

Марокко Африкадагы эң ийгиликтүү командалардын бири. Курама Африка улуттар кубогун эки жолу уткан (1976 жана 2025), ошондой эле Африка улуттар чемпионатын үч жолу жеңген (2018, 2020 жана 2024).

Команда дүйнө чемпионатына 7 жолу катышкан. 1986-жылы тайпалык баскычта 1-орун алып, плей-оффко чыккан биринчи африкалык команда болгон. 2022-жылы дүйнө чемпионатында жарым финалга чыгып, Африка жана араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп мындай жетишкендикке жеткен.

2025-жылы Марокко эл аралык футболдо 19 оюн катары менен жеңишке жетишип, дүйнөлүк рекорд койгон.

Марокко 2030 Дүйнө чемпионатын Португалия жана Испания менен бирге өткөрөт.

Кураманын башкы машыктыруучусу — Мохамед Уахби, капитаны — Ашраф Хакими.

  1. The FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.) (1- апрель 2026).