Март окуясы (2005)
2005-жылдагы Март окуясы — бул Кыргызстанда советтик система кыйрагандан кийинки 15 жыл ичинде түзүлгөн оор социалдык-экономикалык абалдан улам пайда болгон жалпы элдик кыймыл. Окуя ошол кездеги бийликтин коррупциялашкан саясатына каршы багытталган.
Март окуясынын чыгышына түрткү берген негизги себептер төмөнкүлөр болгон:
- Бийликтин бардык бутактарынын (аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги) рычагдары акырындап президенттин колуна топтолушу.
- Экономика, финансы жана жер-суу ресурстарынын үй-бүлөлүк монополияга өтүшү.
- Президенттин үй-бүлөсүнүн жана жакын чөйрөсүнүн кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу.
- Мамлекеттик финансы жана чет элдик кредиттердин жеке максаттар үчүн пайдаланылышы.
- Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелеринин эл аралык деңгээлде чечилбестен, алардын пайдасына чечиле башташы.
- Оппозициячыл ММКлардын көзөмөлгө алынышы жана куугунтукка алынуусу.
- Саясатта жалган маалымат таратуу жана элди адаштыруу көнүмүш көрүнүшкө айланышы.
- Конституцияны өзгөртүү аркылуу бийликти узак мөөнөткө сактап калууга аракеттердин күчөшү.
Бул шарттарда элдин жашоо деңгээли кескин начарлаган. Расмий маалымат боюнча 2003–2004-жылдары жумушсуздардын саны 200 миңден ашкан. Иш жүзүндө бул көрсөткүч 3–4 эсе жогору болгон. Калктын 5–10%ы байып, калгандарынын 30–40%ы жакырчылыкта жашаган.
Энергетика тармагындагы жоготуулар 3–4 миллиард сомго жеткен. Жаратылыш байлыктары уурдалып, товар жүгүртүү көмүскө экономикага өтүп кеткен. Мамлекеттик бюджетке пайданын болгону 20–30%ы гана түшкөн.
Март окуясына түздөн-түз себепкер болгон жагдай — 2005-жылы 27-февралда өткөн парламенттик шайлоодогу одоно мыйзам бузуулар. Коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин талапкерлигинин негизсиз четтетилиши калк арасында терең нааразылык жараткан.
Өлкөнүн бардык аймактарында митингдер өткөн. 24-мартта Бишкекте митингчилер Ак үйдү басып алган. Президент А. Акаев өлкөдөн чыгып кеткен. Премьер-министр Н. Танаев өз арызы менен кызматтан кеткен. Жаңы шайланган депутаттар мандаттарынан баш тарткан.
Бирок ошол эле күнү кечинде борбор калаада баш аламандык башталып, көптөгөн соода жайлары тонолгон. Натыйжада, А. Акаевдин 15 жылдык башкаруусу соңуна чыгып, бийлик убактылуу К. С. Бакиевдин колуна өткөн.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7