Массалык адабият

Википедия дан

Массалык адабият – 1. Адабияттагы өзгөчө мыкты көрүнүш катары бөлүнүп чыкпаган, жалпы көчтүн карасындагы, көптүн арасындагы чыгармалар. 2. Эл арасына кеңири тараган, көркөмдүк-эстетикалык деңгээли жогору эмес, негизинен көркөм табити анчалык өнүкпөгөн окурмандарга ылайыкталган, окууга жеңил, бирок окурманды ойго салбаган чыгармалар. Азыркы кыргыз турмушуна “массалык адабият” негизинен Батыштан келип кирип, сүйүү повесть-романдары, детектив, вестерн жана башка жанрдык формаларда жашап жатат. к. Детективдүү адабият. Триллер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004