Массалык анализ

Википедия дан

Массалык анализ (гравиметрия) – аныкталуучу заттар массасын өлчөөгө негизделген сандык анализ химимялык  методу. Мында аныкталуучу затты эритмеден элемент түрүндө же начар эрүүчү бирикме түрүндө бөлуп алып массасын өлчөйт. Алсак эритмедеги алтын иондорун Н 2О2 таасири менен элементтик алтынга чейин калыбына келтирип чөкмөгө айландырат да, аны чыпкалап кургаткандан кийин массасын өлчөйт. Fе3+ ионун эритмеден NН4ОН менен Fе(ОН)3 түрүндө чөкмөгө чөктүрөт. Аны кагаз чыпка аркылуу чыпкалап таза жуугандан кийин фарфор идишке салып 900-1000оС ысытып таразалануучу Fе2О3 түрүнө айландырат да анын массасы аркылуу темир проценттик санын табат. Газдар аралашмасын анализдөөдө аныкталуучу газды тиешелүү сорбентке сиңдирип алат да сорбенттин баштапкы массасынын көбөйүшү аркылуу газ санын аныктайт. С. а. ар кандай заттар, кристаллогидраттар курамындагы сууну, карбонаттар курамындагы СО2 жана катуу заттагы фазалык компоненттер аныктоо үчүн да колдонот. Бул сандык анализдин башка методдоруна караганда эң так метод.Анын салыштырмалуу катасы 0,01 % түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]