Массалык маалымат акциялар

Википедия дан

Массалык маалымат акциялар эмгек коллективдери, коомдук уюмдар, граждандардын топтору аркылуу көчөлөрдө, аянттарда, калктуу жерлерде ачык же жабык өз оюн, колдоо же нааразычылыкты билдирүү үчүн өткөрүлгөн иш-аракеттер. Массалык маалымат акциялардын негизги түрлөрү: митинг – граждандардын массалык чогулушу, тигил же бул уюмдун иш-аракеттерине, коомдук-саясий жашоонун окуяларына жасаган мамилелерин чагылдырышат; көпчүлүк жүрүштө – бул же тигил коомдук маселелерге көңүл буруу максатында уюшулган адамдардын массалык кыймылы; демонстрация – адамдардын тобунун коомдук-саясий көңүлүн ачыкка чыгаруу үчүн жүрүш учурунда ураан, плакат ж. б. көрсөтмө каражаттарды пайдалануу менен чыгуу; пикетке чыгуу – граждандардын тобунун өз көз караштарын жана көңүлүн жүрүшсүз көрсөтүү, ачыкка чыгаруу. Массалык маалымат акцияларды даярдоо тууралуу кабар аларды уюштуруучулар тарабынан жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарына (мэрия, префектура, полиция) алдын-ала, болоордон 10–15 күн эрте билдирилет. Билдирүүдө акциянын максаты, түрү, орду же кыймылынын маршруту, акциянын башталуу жана аяктоо убактысы, катышуучулардын болжолдуу саны, медициналык жардамдарды уюш-туруу ж. б. белгиленет. Билдирүү алган соң бийлик органы жазуу түрүндө дата сын жана убактысын бекитет. Эгерде акция мамлекет-теги адам укугу жөнүндөгү иш кагаздарына каршы болгон болсо, коомдук адептүүлүктүн кабыл алынган нормаларына туура келбесе; уюштуруучулардын коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча милдеттүүлүгү болбосо; мурдатан жарыяланган акцияга формасы окшош болуп, бир мезгил белгиленсе; ишкана, уюм, мекемелердин кадыресе иштешине реалдуу коркунуч туудурса; жүргүнчүлөрдүн же башка транспорттун ишин токтотуу зарылчылыгы болгондо Массалык маалымат акциялары өткөрүү жөнүндөгү билдирүү кабыл алынбоосу мүмкүн. Орнотулган тартипти сактап Массалык маалымат акциялары жүргүзүү учурунда мамлекеттик жана коомдук уюмдар, кызмат адамдары жана граждандар ага тоскоолдук кылууга акысы жок. Эгерде билдирүү белгиленген мөөнөттө берилбесе же кабыл алынбаса акциянын уюштуруучулары аны өткөрүүгө укугу жок.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Палиталогия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9