Массалык уратуу
Көрүнүш
Массалык уратуу – тоо-кен иштеринде тоо тектердин массивдерин туруктуу абалынан ажыратуу. Карьерде, жер астындагы казылмаларда, блоктордо, кен таштарды тазалоо үңүлмөсүндө, тоо тектеринин басымын башкарууда колдонулат. Уратуу өлчөмү тоо тектеринин физикалык-механикалык касиеттерине, тереңдикке, техникалык шартка байланыштуу. Бек, нык, катуу тектерди жардыруу, массивди суу менен ургулоо жолу менен ишке ашырат. Уратуу кен байлыктарды өндүрүп алуунун негизги ыкмасы болуп эсептелет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7