Массанын таасир этүү закону

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Массанын таасир этүү закону. 1864-67-ж. нов. химиктери К.Гульдберг, П.Вааге өздөрүнүн ачкан законуна төмөндөгүдөй аныктама беришкен: хим. реакциянын ылдамдыгы реакцияга катышкан заттар конц. көбөйтүндүсүнө түз пропорционалдуу. М. т. э. з. реакцияга кирген заттар менен пайда болгон продуктулар ортосунда теңдештик абал пайда болгондо SnimI болот деп далилдейт. Мында mI - системанын i компонентинин хим. потенциялы, n – анын стехиометриялык коэффициенти (ал реагенттер үчүн терс, продуктулар үчүн оң сан). mA + nB = pC + qD процессинде түз жүргөн реакциянын ылдамдыгы V1 = K1 [A] m ·[B] n, кайталанма реакцияныкы V2 = K2 [С] p ·[D] q болот. Качан гана V1 = V2 болгондо теңдештик абал түзүлөт да, анын константасы:

[С] p ·[D] q (продукты) 

К = ————————

[A] m ·[B] n ( башт.зат) 

Мында К – теңдештик константасы, (К=К1/К2), К1 менен К2 – түз жана кайталанып жүргөн реакциялардын ылдамдык константалары. Буларды константа деп шарттуу аташат, себеби алар берилген шартта, берилген реакция үчүн гана туруктуу. Константа реагенттер концентрацияларына көз каранды эмес.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]