Мазмунга өтүү

Масса-спектроскопия

Википедия — ачык энциклопедия

Масса-спектроскопия, масса-спектрометрия, масса-спектр анализи — заттардын иондорунун массасын жана алардын санын аныктоо менен ошол заттарды изилдөө методу.

Бул метод аркылуу изилдене турган заттардын составдуу бөлүгү массалардын составы боюнча аныкталат.

Масса-спектроскопия— ядро массалары жана элементтердин атомдук массалары жөнүндө маалымат алууда негизги методдордун бири. Масса-спектроскопия өтө тактыгы жна сезгичтиги аны адегенде ядролук техникада, кийинчерээк геология, геохимияда кеңири колдонууга мүмкүндүк берди. Физизикалык-химиялык изилдөөлөрдө масса-спектроскопия иондошуу процесстерин, бөлүкчөлөрдүн дүүлүгүүсүн, иондошуу потенциалдарын, молекуладагы атомдордун байланыш энергиясын, буулануу жылуулугун аныктоодо, ошондой эле медицинада да колдонулууда.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.