Масса сакталуу закону

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Масса сакталуу закону. Бул законду М. В. Ломоносов (1756) металлды жылытууда сырттан аба кирбесе массасы өзгөрбөстөн сакталып, оозу ачык идиштерде ысытса массасы оор болуп калганын изилдөөдө жана А. Лавуазье (1774-77) көп сандаган тажрыйбалар негизинде ачышкан. Бул закон хим. реакциянын жүрүшүндө реакцияга кирген .атомдор саны өзгөрбөйт деген жалпы эрежеге негизделген. Материя жоктон пайда болбойт, изсиз жоголуп кетпейт. Материянын өлчөмүн (санын) анын мас-сасы аркылуу (таразага тартуу) туюндургандыктан, хим. реакция учурунда масса өзгөрбөйт деген корутунду келип чыгат. Алсак, суунун 1 молунун массасы 18г барабар. Эгерде аны ажыратсак, ал 2 г суутек жана 16 г кычкылтекке ажырайт, б. а.

1 моль Н2О ®1 моль Н2 + 1/2 моль О2

же18гН2О®2гН2+16гО2.

Ошентип, М. с. з. төмөнкүдөй аныктама берилет: Хим. реакцияга катышкан заттар массасы реакциянын натыйжасында пайда болгон продуктулар массасына барабар. Бул закон биринчи ачылган хим. фундаменталдык закондун бири болуп эселтелет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]