Мазмунга өтүү

Масса спектрометр

Википедия — ачык энциклопедия

Масса спектрометр – иондоштурулган бөлүкчөлөрдү, алардын массасынын (m) заряддын чоңдугуна (е) болгон катышы боюнча электр жана магнит талааларынын жардамы менен бөлгүч приборлор.

Масса спектрометр иштөө принциби боюнча статикалык жана динамикалык болуп ажыратылат. Статикалык М. с-де иондордун траекториясы турактуу электр жана магнит талаалардагы m/е чоңдугуна көзкаранды. Мында m – иондун массасы, е – ион зарядынын чоңдугу. Динамикалык Масса спектрометрде m/е чоңдугу же ион булагынан коллекторго чейинки учууга кеткен убакыт б-ча, же өзгөрмө электр жана магнит талаадагы иондун термелүү мезгили же резонанс жыштыгы ж. б. боюнча аныкталат. Масса спектрометрде масса-спектр алынып, ал аркылуу изилденүүчү заттын массасы жана анын компоненттеринин салыштырма чоңдугу аныкталат. Иондорду каттоо электр ыкмасы менен жүргүзүлөт. Иондорду каттоо үчүн сезгич пластинка менен жабдылган аспап масса-спектрограф деп аталат.

Иондошуу жолдору боюнча Масса спектрометр: 1) электрондун таасири аркылуу иондошкуч; 2) фотоиондошкуч; 3) күчтүү электр талаасы аркылуу иондошкуч; 4) иондун согуусу аркылуу иондошкуч; 5) беттик иондошкуч; 6) лазер нурунун таасири аркылуу иондошкучка бөлүнөт. М. с. эксперимент физикасында, химия, биология, ядро техникасында колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]