Мастроянни Марчелло
Мастроянни Марчелло (Марчелло Винченцо Доменико) [28. 9. 1924 (23), Лоцио областы, Фрозиноне провинциясы, Фонтана-Лири – 19. 12. 1996, Париж] – италиялык актёр. 1947-жылы Римдеги университет театрында актёр, 1940–50-жылдары Л. Висконтинин труппасында иштеген. Киного 1947-жылдан тартылган. Соңку жана «күлгүн» неореализм мезгилиндеги фильмдерге жана Висконтинин фильмдеринде (Кыялкеч, «Буурул түндөр»; Мерсо, «Бейтаныш») башкы ролдорду ойноп атагы чыккан. Мастроянни драмалык жана комедиялык да ролдорду бирдей аткарган. С. Лорен менен актёрдук дуэти дүйнөлүк кино өнөрүндө үлгү катары таанылган («Кечөө, бүгүн, эртең», «Итальянча никелешүү», «Күн карамалар» – В. Де Сики). Кинодо 150дөн ашык роль аткарып, улуттук мүнөздөрдүн галереясын түзгөн. 1970–80-жылдары Э. Скола («Ич күйдүлүк азабы», Канндагы ЭКФ сыйлыгы.; «Саат канча болду?», Венециядагы ЭКФ сыйлыгы ж. б.), М. Феррери («Ак аялга тийбе», «Пьеранын таржымалы» ж. б.), Болоньин («Жакшынакай Антонио»), Л. Кавани («Тери» ж. б.), Н. С. Михалков («Кара көздөр», Канндагы ЭКФ сыйлыгы) ж. б. режиссёрлордун фильмдерине тартылган. Венециядагы ЭКФтин «Кинематографиялык карьерасы үчүн» сыйлыгы ыйгарылган (1990).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7