Матаев Жусуп

Википедия дан

Матаев Жусуп (21. 2. 1956-жылы туулган, Жалал-Абад областы, Токтогул району, Кызыл-Өзгөрүш айылы) – живописчи, графикчи жана портретчи, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1992), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири. 2004-жылы И. Арабаев атындагы КМПУну бүткөн. 1978–84-жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик сүрөт фондусунда, 1984–92-жылдары Нарын областындагы ушул эле фондунун филиалында көркөм жасалгалоочу болуп иштеген. 1992-жылдан өз алдынча чыгармачылыкта. 2011-жылдан КЭРдин Үрүмчү шаарындагы «ҮЕМА» компаниясында сүрөтчү болуп эмгектенет. 1980-жылдан республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 2008-жылы Г. Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде, 2012-жылы Үрүмчү шаарындагы Санат университетинде жеке көргөзмөсү өткөн. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө, Германия, Австрия, Австралия, Япония, Италия, Франция, Корея ж. б. чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө катышкан. Эмгектери Кыргыз мамлекеттик Г. Айтиев атындагы сүрөт, Кыргыз мамлекеттик тарых жана Нарын областтык Край таануу музейлеринде сакталып турат («Т. Сатылганов», «Композитор Ж. Шералиев», «Б. Бейшеналиев», «Байбиче», «Кыз куумай» ж. б.). Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты. Даңк медалы менен сыйланган. Чыгармалары: Жусуп Матаев. Живопись и графика/Каталог произведений. Б., 2008.НЕБЕРЕСИ МАТАЕВА ЧОЛПОНАЙ Белгилуу бийчи

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]