Матай уулу Алак

Википедия дан

Матай уулу Алак (Ашым) (10.5.1890, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы — 1984, Кочкор району, Электр айылы) — алгачкы агартуучулардын бири, Ленин орденинин ээси (1949).
Айылдык молдодон окуп, кийин өзү да молдо аталган. 1912—16-ж. айылда балдарды окуткан. Алгачкы окуучулары И. Ахунбаев, М. Токобаев жана башка 1916-ж. Үркүндө Кытайдын Аксы деген жерине барып, 1918-ж. элге кайтышкан.
Кочкор жериндеги айылга (азыр Ормонхан айылынын бөлүгү) отурукташып, түздөн түз анын жетекчилиги менен мектеп салынган (азыркы С. Орозбак уулу атындагы мектеп).
Ал кызыл мугалим аталып, 1918—56-ж. мектепте иштеген. Нарын педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Эл агартуу отличниги (1947). Ысымы Ормонхан айылынын бир көчөсүсө берилген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.