Мазмунга өтүү

Матанова Оңол

Википедия — ачык энциклопедия

Матанова Оңол Уз. 1935-ж. Ысык-Көл районундагы Он-жети-Карагай айылында төрөлгөн.

Кыйла жылдары айыл чарба өнөктүгүнө катышкан. Баатыр эне. Уздукту тестиер чагынан баштаган. 1979-ж. Чолпон-Атадагы этнографиялык музейди уюштуруучулардын бири катары жандуу катышып, ага уста иниси Орозобай экөө боз үй жасалгалап өткөрүшкөн. Улуу жибек жолу боюнча уздануучу уз катары киного да тартылган. Оңол өздүк чеберчилигинде өнөрдүн бардык түрлөрү боюнча кармайт. Анын кийиз оюмдары «кыял оюмун», «жарым кыял оюмун», «Ала-Тоо оюмун» түзөт. Мында колтук оюмдары «кыял оюму» болуп түшөт. Жээк оюмдарында (ак этеги) «кочкор мүйүз оюму» орун алат да, ал «кыял оюмдун» бир элементи катары көрүнөт. Айрым учурда аныы ордуна «чымын канат оюмун» берет. Ал боз үйдү уздукта жасалгалоодо кылдырооч, бел кырчоо, уук боо, аяк кап, текче, жабык баш өңдүүлөрүндө көркөм каражаттарды так, төп алат. Буюмдарында, мисалы, аяк кап, текчесинин «аламычына» «ит куйрук оюму» «жээк оюму» катары түшөт, капкалдырыгынын ортолугу «кыял оюмунун» бугу мүйүз оюму» сымал бутакташкан түрүн алат. Анда «мүйүз оюму», «карга тырмак оюму», «бармак боочу оюму» өңдүүлөрдүн элементтери биригет. Ага тор чачык менен топ чачык тагат, чачык менен «аламычынын» ортосуна кол чалма жиптен милте басылат. Канат чийине, чыгдан чийине, эшик чийине «жагалмай канат оюмун» этек көчөт, баш көчөт катары берет. Анын термелеринде элүүдөн ашык көркөм көчөттөр орун алат. Ал өзүнчө таар көчөттөрүн кыйыштыра алат. Чебер үйрөнчүктөрдүн жолун улантууда. Кыздары Айнура, Гүлнура, Айымкүл, кенже келини Нургүл Оңолдун уздугун улантуучулар. Эмгектери түстүү баттамада.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын түзүлүшүнүн 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Боз үй тигип баргандыгы үчүн ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Боз үйдүн жасалгалары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак Грамотасы.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0