Математикалык күтүү

Википедия дан

Математикалык күтүү, орточо маани – ыктымалдык теориясындагы түшүнүк; Х кокус чоңдуктун маанилеринин бөлүнүшүнүн негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Жөнөкөй учурда Х чоңдук ыктымалдыгы Р1, Р2, ... Рn болгон х1, х2, ..., хn чектүү сандагы маанилерди алышы мүмкүн, анда Х чоңдугунун математикалык күтүүсү деп, ЕХ= =х1Р1+ х2Р2+...+ хnРn туюнтмасы аталат. Математикалык күтүүнүн жардамы менен бөлүштүрүүнүн көптөгөн сандык жана функционалдык мүнөздөмөлөрү аныкталат. Математикалык күтүү түшүнүгү 18-кылымда кумар (азарттык) оюндар теориясына байланыштуу пайда болгон. Математикалык күтүү түшүнүгүн азыркы мезгилдеги маанисинде жалпылоого жана пайдаланууга орус математиги П. Л. Чебышев чоң салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]