Математикалык статистика

Википедия дан

Математикалык статистика – математиканын бир бөлүмү; анда илимий жана практикалык корутунду чыгаруу үчүн статистикалык маалыматтарды системага салуу, иштеп чыгуу жана пайдалануунун математикалык методдору каралат. Мында статистикалык маалыматтар – кандайдыр бир белгилер боюнча айырмаланган объектилердин ж. б. саны жөнүндөгү билдирүүлөр. Статистикалык маалыматтарга таянып жүргүзүлгөн изилдөө методу статистикалык метод деп аталат. Бул метод илимдин ар кандай тармактарында: социологиялык-экономикалык статистикада, статистикалык физикада, жылдыз астрономиясында, кибернетиканын теориялык жана практикалык маселелерин чечүүдө ж. б. колдонулат. Ыктымалдык теориясына негизделген тандоо методу математикалык статистикада кеңири пайдаланылат. Математикалык статистика параметрлердин бөлүнүшүн статистикалык чамалоодо жана статистикалык гипотезаларды текшерүүдө да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]