Материалдардын рентгенографиясы
Материалдардын рентгенографиясы – рентген нурларынын дифракциялануу ыкмаларынын негизинде материалдарды үйрөнүүнүн маселелерин чечүүчү изилдөөлөр (к. Рент-ген нурларынын дифракциясы. Рентгеноструктуралык анализ).
Материалдардын рентгенографиясында материалдардын теңсалмактуу, о. эле теңсалмактуу эмес абалдары, алардын крис-таллдык түзүлүштөрү, фазалык диа-граммалар, деформацияланган нерселердин абалы, тартиптешүү жана жакынкы тартиптик кубулуштар изилденет. Материалдардын рентгенографиясында моно- же поликристалл үлгү-лөрүнүн рентгенограммалык рентген камерасында алып же чачыраган рентген нурунун жайгашышын рентген дифрактометрлерде каттоодо рентген нурларынын дифракциясы пайдаланылат. Материалдардын рентгенографиясынын ыкмалары: кристаллчалардын (кристаллиттердин) өлчөмүн, санын жана багытын аныктоо, фазалык анализ (сапаттык фазалык анализ, сандык фазалык анализ); фазалык айлануулар (жаңы фазалардын пайда болушу жана эски фазанын жоголушу) катуу эритменин жана эрүүчүлүктүн чегин аныктоо, жакынкы жана алыскы тартипти изилдөө, жылуулук термелүүлөрдү рентгенографиялык изилдөө, радиациядан бузулууларды аныктоо кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0