Материалдар каршылыгы
Материалдар каршылыгы – курулмалар менен машина бөлүктөрүнүн, тетиктеринин бекемдиги жана деформацияланышы жөнүндөгү илим. Катуу нерселер сырткы күчтүн таасиринен деформацияланып, микро-бөлүкчөлөрүнүн жайгашуу абалы өзгөргөндүктөн, аларда ички чыңалуу пайда болот. Материалдар каршылыгы материалдын дал ошол чыңалууга болуучу каршылыгын изилдейт. Материалдар каршылыгын изилдөөчү негизги объектиси – нерсенин өзөгү (стержень) жана пластинкасы. Материалдар каршылыгы теориялык механиканын закондору боюнча аныкталат. Материалдын бекемдиги менен деформацияланышын баалоочу физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү (агуучулук, бекемдик чектери, серпилгичтик модулу ж. б.) сынагыч машиналар жана атайын өлчөгүч прибор – тензометр менен аныкталат. Материалды чоюп, толгоп, кысып сынайт. Сыноонун негизинде чоюу-кысууга карата диаграмма түзүлөт. Сыноо диаграммасы менен материалдар каршылыгынын эсептөө ыкмасын пайдаланып, берилген материалдан жасалган констрайонын (жөнөкөй, татаал) тетиктеринин бекемдигин алдын ала айтууга болот. Материалдар каршылыгынын азыркы убактагы негизги маселелери – материалдардын талкалануу шартын жана себебин аныктоо, нерсенин микрокөлөмүндө болуучу кубулуштарды изилдөө, жараканын пайда болушун жана чоңоюп кетишин билүү. Азыр жаңы конструкциялык материалдар пайда болгондуктан материалдар каршылыгынын алдына ошол материалдардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү бышыктык теориясын түзүү милдети коюлган. Машиналар жана курулмалар ж. б. конструкциялардын бышыктыгын жана катуулугун эсептөө материалдар каршылыгынын практикалык мааниси болуп эсептелет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7