Материалдык өндүрүш чөйрөсү
Материалдык өндүрүш чөйрөсү, материалдык өндүрүш – материалдык баалуулуктарды өндүрүп, аны керектөөчү жактарга жеткирүүчү өндүрүш тармактарынын жыйындысы; материалдык заттарды, зат баалуулуктарын өндүрүү жана материалдык тейлөө (жүк ташуу ж. б.), курулуш-монтаждоо, оңдоо иш-чараларын ж. б. жүргүзүү. Ал өндүрүш, айыл чарба, токой жана суу чарба, курулуш, жүк транспорту, байланыш, соода, коомдук тамактануу, материалдык-техникалык камсыздоону камтып, коомдун жана адамзаттын керектөөлөрүн кандайдыр бир деңгээлде канааттандырат. Антропогендик факторлордун натыйжасында материалдык өндүрүш чөйрөсү көптөгөн табигый процесстердин бузулушуна, жердин деградацияга кабылышына, абанын жана суунун булганышына алып келүүдө. Ошондуктан материалдык өндүрүш чөйрөсүн көзөмөлдөө зарыл.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7