Кадырбек Матиев

Википедия дан
Матиев, Кадырбек‎»‎ барагынан багытталды)

Матиев, Кадырбек - сынчы, адабиятчы. Сузак районундагы Ак-Тоок айылында 1938-жылы 20-майда туулган. 1955-жылы А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1960-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1962–1965-жж. Кыргыз ССРинин ИАсынын философия жана укук институтунун аспирантурасында окуган. 1965-жылы философия илимдеринин кандидаты, 1999-жылы «Рух жана руханийлик проблемасынын философиялык маңызы» темасы боюнча докторлук диссертациясын жактаган.

Эмгек жолун 1960-жылы «Кыз-Көл» орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1965-жылдан Кыргыз ССР ИАсынын Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, 1970-жылы КМУнун диалектикалык материализм кафедрасында окутуучу, 1971-жылдан Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун марксисттик-лениндик философия кафедрасынын доценти, 1981-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын драматургия секциясында, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, 1984–1986-жж. көркөм котормо секциясын жетектеп, 1988-жылы УИАсынын алдындагы адабият жана көркөм-прикладдык искусство институтунда, 1993-1998-жж. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясында гуманитардык илимдер бөлүмүн жетектеп, «КТР-Обо» газетасында кабарчы болгон.

К.Матиев ыр жазууну мектепте окуп жүргөн кезинде, адабий сын ишмердүүлүгү менен 1962-жылы баштаган. Биринчи адабий сын макалалар жыйнагы «Турмуш художниктин көзү менен» деген ат менен 1970-жылы басылып чыккан. 1971-жылы орус тилиндеги монографиясы «Лирическое в искусстве как эстетическое явление» деген ат менен жарык көргөн.

К.Матиев котормо үстүндө дагы эмгектенген. Анын бир катар ырлары, илимий, адабий-көркөм макалалары «Чүй баяны», «Азия нуру» ж.б. гезиттерде жарыяланган. 1984-жылдан СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турмуш художниктин көзү менен. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 174 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Лирическое в искусстве как эстетическое явление. – Ф.: Илим, 1971. – 151 с.
  • Природа художественного образа: Сб. статей. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 108 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]