Маткасымов Убай
Маткасымов Убай (Тынчылык уулу) — кыргызстандык ишкер, Matkasym брендинин негиздөөчүсү жана башкы директору.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маткасымов Убай (Тынчылык уулу) 1990-жылдын 16-февралында Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылында төрөлгөн. Ал №42 Керме-Тоо мектебинен орто билим алган.
Ишкердик жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маткасымов Убай ишкердик жолун 1000 сом менен баштап, телевизор антенналарын жасоо менен алектенген. Ал тапкан кирешесин кайра бизнеске жумшап, ассортиментин кеңейтип, учурда үй-тиричилик товарларын өндүргөн «Маткасымов» компаниясын негиздеген.
Компаниянын өндүрүштүк аянты 5000 чарчы метрди түзүп, 150дөн ашык кызматкер иштейт. Продукциянын 50%дан ашыгы Казакстан, Орусия жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Башкарууда кайдзен философиясын колдонуп, тынымсыз өнүгүүгө жана процесстерди жакшыртууга басым жасайт.
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маткасымов Убай бекем үй-бүлөнүн ээси. Ал ата-энеси Маткасымов Тынчылык жана Ажимаматова Жыпаранын тарбиясында чоңойгон. Бир туугандары Тынчылыков Амантур жана Маткасымова Асемай
Учурда Маткасымов Убай үй-бүлөлүү жана үч баланын атасы. Анын үй-бүлөсү ишкердин негизги таянычы жана дем берүүчү күчү болуп саналат. Жубайы жана балдары анын эң чоң мотивациясы жана алдыга умтулууга түрткү берүүчү себептердин бири деп эсептелет. Маткасымов өзүнүн балдарына ата-энесинен алган баалуулуктарды өткөрүп берүүгө жана аларды ар тараптан өнүккөн инсан кылып тарбиялоого аракет кылат.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2020 жана 2022-жылдары "Жылдын мыкты жаш ишкери" наамынын ээси.
Социалдык ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маткасымов Убай жаш ишкерлерге тажрыйбасы менен бөлүшүп, коомго пайдалуу болууга аракет кылат. Ал өзүнүн YouTube каналында жана социалдык тармактарда ишкердик боюнча кеңештерин жана тажрыйбасын бөлүшүп келет.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Убай Маткасымов о том, как работая на базаре, создал собственный успешный бизнес. 21.06.2022, WEproject Media: https://weproject.media/articles/detail/ubay-matkasymov-o-tom-kak-rabotaya-na-bazare-sozdal-sobstvennyy-uspeshnyy-biznes/
- Убай Маткасымов о корпоративной культуре без строгих целей, дедлайнов, KPI и штрафов в компании Matkasym. 20.09.2024, WEproject Media: https://weproject.media/articles/detail/ubay-matkasymov-o-korporativnoy-kulture-bez-strogikh-tseley-dedlaynov-kpi-i-shtrafov-v-kompanii-matk/
- Я начал бизнес с 1000 сомов. История основателя компании «Маткасымов». 20.11.2021, Economist.kg: https://economist.kg/biznes/2021/11/20/ya-nachal-biznes-s-1000-somov-istoriya-osnovatelya-kompanii-matkasymov/
- Маткасымов заводун 30 жашта $5 миллионго курдум / Убай Маткасымов / Жаратман подкаст. Jaratman Podcast, YouTube: https://www.youtube.com/watch?v=ZrFvk5INxXI