Матрицалуу РНК (мрнк) же информациялык РНК (ирнк)

Википедия дан

Матрицалуу РНК (мрнк) же информациялык РНК (ирнк) - белок синтезинде матрицанын ролун ойногон бир тизмектүү нуклеин к-тасы. Анын курамында пурин (аденин, гуанин) менен пиримидин (урацил, цитозин) азоттук негиздери, рибоза, фосфор к-тасынын калдыктары бар. Түзүлүшү боюнча мРНК ДНКнын бир тизмегине комплементардуу болот. мРНКнын 5' - учунда метилгуанозин жайгашкан, нуклеаза ферментинин таасиринен сактайт, трансляция башталышын белгилейт. Кээ бир мРНКнын 3' - учунда уз. 50-200 аденин калдыктарынан турган тизмек жайгашкан, функциясы белгисиз. мРНКга ДНКдагы белок же белок тизмеги ж-дө информация которулгандыктан, информациялык РНК деп да аталат. иРНК ядродон чыгып, рибосома менен байланышып, белок синтезинде рибосомада иРНК матрица катарында колдонулат. Функциясын аткаргандан кийин мРНК бат эле ажырайт, ошондуктан, цитоплазмада РНКнын 3-5 % эле түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]