Матрица (тасма)

Википедия дан
Матрица (тасма)
Режиссеру Вачовскилер
Продюсер Жоел Силвер
Сценарийи Вачовскилер
Оператору Бил Поп
Тартылгандар Киану Ривз
Лаурэнс Фишборн
Кэрри-Энн Мосс
Хуго Уивинг
Жо Пантолиано
Музыкасы Дон Девис
Редактору Зак Стэнберг
Студия Village Roadshow Pictures
Groucho II Film Partnership
Silver Pictures
Жайылтуучу Warner Bros. (АКШ)
Roadshow Entertainment (Австралия)[1]
Чыккан жылы
  • март 31, 1999 (1999-03-31) (United States)
  • апрель 8, 1999 (1999-04-08) (Australia)
Узактыгы 136 мүн.[2]
Өлкөсү  АКШ[3]
 Австралия[3]
Тили англис
Бюджети $63 млн. [4]
Киреше $463.5 млн. [4]

Матрица (англ. The Matrix; орус. Матрица (фильм)) — 1999-ж. Вачовскилер тарабынан жазылган жана коюлган илимий фантастикалык фильм. Башкы каармандарды Киану Ривз, Лаурэнс Фишборн, Кэрри-Энн Мосс, Хуго Уивинг жана Жо Пантолиано ойногон. Тасмада кишилер "Матрица" деп аталган машинелердин желеси жараткан симуляцияны чыныгы жашоодо жашап, чындыгында алардын денеси чыгарган жылуулукту жана электрди кубат булагы колдонгон дистопиялык келечекти сүрөттөйт. Чындыкты издеп жүргөн "Нео" аттуу програмчы, "түш дүйнөсүнөн" ойготулуп, машинелерге каршы көтөрүлүш жүргүзгөндөрдүн тобуна кошулат.

Фильм илимий фантастика киберпанк жанрынын мисалы болуп саналат. Философиялык жана диний түшүнүктөргө көп шилтеме кылат жана Платондун "Үнкүр жөнүндө уламыш", Жан Бодрийярдын "Симулякрлар жана симуляциялар", [5] жана Лүис Кэрроллдун "Алисанын кереметтер дүйнөсүндөгү окуялары" чыгармаларынын таасирин кенен белгилейт. Вачовскилер койгон уруш сценаларына жапон анимацияларына менен согуш өнөрү тууралуу тасмаларга суктануусу менен шартталган жана Гонг-Конг кинолорунда колдонулган мушташ хореографиялары жана зым тагып аткарылган кунфу ыкмалары Голливуддун кийинки уруш тасмаларына дагы өз таасирин тийгизген.

Матрица алгач АКШда 1999-ж. 31 мартында көрсөтүлгөн жана дүйнө жүзү боюнча $460 миллиондон ашуун каражат чогулткан. Жалпысынан сынчылар тарабынан жакшы кабыл алынып, [6][7] төрт Оскар сыйлыгына, ошондой эле "Сатурн" жана "BAFTA" сыйлыктарына ээ болгон. Сынчылар Матрицаны новатордук визуалдык эффектери, кинематографиясы жана көңүл кызыктыгына жогору баа беришкен. Тасманын өзөгүн мурда чыккан илимий-фантастика эмгектер түзгөндү үчүн сынга алынган жана кызыктуулугу үчүн мактоого арзыган. Салгылашуу сценалары дагы сынчылардын ар кыл пикирин жараткан: айрымдары аларды абдан таасирдүү деп сүрөттөсө, башкалары кызыктуу чечимдердин кунарсыз кайталанмасы деп баа беришкен.

Фильм 2012-ж. мыкты илимий-фантастикалык тасмалардын тизмесине [8][9] жана сактап калынуучу тасмалардын улуттук реестрине кирген. Тасманын ийгилиги анын эки уландысын жаратууга шарт түзгөн. Матрица: Кайрадан баштоо жана Матрица: Революция - экөө уланды тең Вачовскилердин сценарийи боюнча жана башкы режиссерлугу алдына тартылган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Матрица мыкты монтажы, үн эффектеринин мыкты монтажы, мыкты визуалдык эффекттер жана мыкты үн үчүн Оскар сыйлыгына татыган. Тасманын жаратуучулары Жылдыз согуштары эпизод I: Тунарыктуу коркунуч сыяктуу белгилүү франшизалар менен ат салышып, катышкан бардык номинациялар боюнча жеңишке жетишкен. [10][11] Ошондой эле, Матрица номинацияга көрсөтүлгөн кинематография, өндүрүштүк дизайн жана монтаж категорияларына кошумча мыкты үн, мыкты жетишкендиктер жана атайын визуалдлык эффекттер үчүн "BAFTA" сыйлыгына ээ болгон. [12] 1999-жылы мыкты илимий-фантастикалык фильм жана мыкты режиссура үчүн "Сатурн" сыйлыгын утуп алган. [13]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Персонаж Актёр
Нео / Томас Андерсон Киану Ривз
Морфеус Фишборн, Лоуренс
Тринити Керри-Энн Мосс
Агент Смит Хүго Уивинг
Пифия Глория Фостер
Сайфер Жо Пантолиано
Тэнк Маркус Чонг
Агент Браун Пол Годдард
Агент Джонс Роберт Тэйлор
Эпок Жулиэн Араханга
Маус Мэтт Доран
Свитч Белинда МакКлори
Дозер Энтони Рэй Паркер
Сокур Стив Додд

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Film Distribution. Village Roadshow Limited. Текшерилген күнү 11 -февраль (бирдин айы) 2014.
  2. The Matrix. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2013.
  3. 3.0 3.1 The Matrix (1999). European Audiovisual Observatory. Текшерилген күнү 21 -март (жалган куран) 2017.
  4. 4.0 4.1 The Matrix (1999). Box Office Mojo. IMDb. Текшерилген күнү 24 -июнь (кулжа) 2009.
  5. Miller, Laura. "The Matrix and Philosophy" by William Irwin, ed.. Salon (December 5, 2002). Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  6. The Matrix (1999). Rotten Tomatoes. Flixster. Текшерилген күнү 7 -июль (теке) 2012.
  7. The Matrix (1999): Reviews. Metacritic. CBS Interactive. Текшерилген күнү 11 -июль (теке) 2008.
  8. Heritage, Stuart. The Matrix: No 13 best sci-fi and fantasy film of all time, London: Guardian Media Group (October 21, 2010).
  9. Top 25 Sci-Fi Movies of All Time – Movies Feature at IGN. Movies.IGN.com. News Corporation. Текшерилген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2012.
  10. The 72nd Academy Awards (2000) Nominees and Winners. oscars.org. Текшерилген күнү 19 -ноябрь (жетинин айы) 2011.
  11. The Wachowskis. Tribute. Tribute Entertainment Media Group. Текшерилген күнү 31 -декабрь (бештин айы) 2006.
  12. BAFTA Film Winners 1990–1999 (PDF). BAFTA.org. Текшерилген күнү 31 -декабрь (бештин айы) 2006. Түп булактан архивделген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2007.
  13. Saturn Awards. SaturnAwards.org. Текшерилген күнү 31 -декабрь (бештин айы) 2006. Түп булактан архивделген күнү 6 -сентябрь (аяк оона) 2014.