Матыев, Эркинбек Сагыналиевич

Википедия дан
Матыев Эркинбек Сагыналиевич

Матыев Эркинбек Сагыналиевич (18. 8. 1959-ж. т., Жумгал району, Чаек айылы - 2000) — фармацевт (провизор), биология илимдеринин доктору (1991), профессор (1992).
1981-ж. Алматы мамлекеттик медицина институтун, 1984-ж. И. А. Сеченов атындагы Москва медицина институтунун аспирантурасын бүткөн.
1984—89-ж. КММИнин улук окутуучусу, кафедра башчысы, 1990—92-ж. П. Лумумба атындагы эл достугу университетинде улук илимий кызматкер, 1992—93-ж. "Гален препараттары" ишкер долбоорунун генералдык директору, "Кыргызфарминдустрия" мамлекеттик концернинин төрагасы, 1993-жылдан «Кыргызфармация» мамлекеттик фармацевтикалык компаниясынын генералдык директору, ал 1996-ж. "Фармация" акционердик коомуна айланганда анын президенти.
Фармация жана биология боюнча адис. 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору. 1986-жылдан Кыргыз Республикасынын фармацевтеринин илимий коомунун төрагасы. Эл аралык хронобиология коомунун мүчөсү (1992), Кыргыз Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын академиги (1992). Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-жылдан).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.