Махаяна

Википедия дан

Махаянабуддизмдин жаңы багыты. Ал Буддадан башталган салттуу багыттан – хинаянадан («кичи дөңгөлөк») айырмаланып махаяна («чоң дөңгөлөк») аталышын алган. Материалдык жана психикалык дхарманы реалдуу деп эсептешкен хинеянисттик философторго каршы болуп, махаянисттик философтор дхарманын реалдуу эместигин, бүткүл дүйнөнүн реалдуу эместигин далилдешет. Дхарманын реалдуу эместиги же шуньяте (боштук) жөнүндө окуу Нагартджуна тарабынан логикалык жактан негизделген (2-к.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8