Махночулар кыймылы

Википедия дан

Махночулар кыймылы, махновщина – 1918–21-жылдары Түштүк Украинада Совет бийлигине каршы чыккан анархисттик кыймыл. Кыймылды анархист Н. И. Махно (1884–1934) жетектеген. Украинанын сол жээгиндеги Екатеринослав жана Харьков губернияларынын оокаттуу дыйкандарына (кулактарга) таянган Махночулар. Днестрден Донго чейинки зор аймакты ээлеген. Алар «бийликсиз мамлекет», «эркин советтер» деген ураан менен чыгып, совет мамлекетине каршы күрөшкөн. Аларга орус анархисттеринин [Волин (Эйхенбаум), Аршинов (Марин), Барон, Готман ж. б.] таасири. Махночулар кыймылы 1918-жылы жазында украиналык дыйкандардын австрия-германиялык оккупанттарга каршы күрөшүндө пайда болгон. Апрель айында Махно анархисттер тобу менен Гуляй поле районунда чакан отряд түзүп, помещиктердин усадьбаларына жана гетмандык полицияга кол салган. Ноябрь айында анын отряды 500гө, декабрда 20 миңге жеткен. Махночулар адегенде австро-германиялыктарга, кийин петлюровчулардын отряддарына ошондой эле шартка жараша бирде актарга, бирде Кызыл Армияга каршы күрөшкөн. советтик командачылардын буйруктарына баш ийбей, азык-түлүк отряддарынын жана жакырчылык боюнча комитеттердин иштерине тоскоолдук кылышкан. Махнонун отряддарынын бир бөлүгү жарандык согуштун жүрүшүндө Кызыл Армияга кошулган. 1919-жылы ак гвардиячылардын негизги күчү талкалангандан кийин, махночулар контрреволюциячыл бандитизм жолуна түшкөн. М. В. Фрунзенин буйругу менен Махнонун бандалары 1921-жылы Кызыл Армия тарабынан жоюлган. Махно жана аман калган отряд мүчөлөрү чет өлкөгө качып, румын бийликтегилеринин колуна түшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]