Мачын

Википедия дан

Мачын - Түштүк Кытай, айрым учурда жалпы эле Кытайдын аталышы. Санскрит тилиндеги «Махачин» топоними арабча «Масин» болуп өзгөрүп калган деген божомол бар. 9–17-кылымдагы мусулман даректеринде көп кездешет. Мисалы, Махмуд Кашгари өз эмгегинде Чин өлкөсү адегенде чыгышы Табгач (Тавгаж), ортосу Кытай, алдынкы бөлүгү (же Кашкар) Бархан болуп, үчкө бөлүнгөнүн, кийинчерээк Табгач Мачын, Кытай Чин деген ат менен белгилүү калганын көрсөткөн. Мухаммед ибн Наджиб Бекрандын (13-кылымдын башы) эмгегинде («Жахан наме») Кытайдын («Кита») «Чын» («Чин») деп аталганын, 300дөн ашык шаары бар экенин жана ал Тышкы (Чин-и Бируни), Ички (Чин-и Андаруни), Мачын (Түштүк Кытай) болуп, үчкө бөлүнгөнү айтылат. Кыргыздын «Манас» эпосунда мачын термини «Чынмачын» түрүндө кезигет. Мындагы «Чын» топоними 10–13-кылымдагы мааниси боюнча Түштүк Кытай же жалпы эле Кытай аймагына туура келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]