Мазмунга өтүү

Машаякчылык

Википедия дан
Ыйса Машаяк (машаякчылардын көз карашында Кудайдын Уулу дешет)

Машаякчылык, христиан дини (англ. Christianity, орус. Христианство) эң кеңири таралган дүйнөдөгү диндердин бири болуп саналат.

Ал I кылымда пайда болгон. Андагы башкы каарман Нурхан (Иисус Христос), Нурхан пайгамбар Исламда пайгамбарлардын арасында болот. Ыйса Машайакты - Машаякчылар Адам Уулу менен Кудайдын Уулу дешет (Mатай 14:33), адам кудай болуп эсептеленет дешет, ал адамдардын күнөөлөрүн көтөрүп, айкаш жыгачка кадалып өлтүрүлгөн дешет. Ал тирилгенден кийин, асманга кайып болуп учуп кеткен деп ишенишет.

Машаякчылык көз карашта

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыйсанын белгилүү шакирттери: Петир, Андрей, Жакып, Жакан, Филип, Барталамей, Томас, Тадай менен Жүйүт Искариот.

Бул диндин ыйык китеби эки бөлүктөн: Инжил менен Забурдан турат аны Машаякчылар Байыркы жана Жаңы Осуят деп которушат, экөө кошулуп Библия китебин түзөт, грек. βίβλος китеп деп которулат. Байыркы осуятка Мусанын Беш китеби кирет. Анын биринчиси - "Башталыш" - дүйнөнүн жаралышы, Адам жана Обо эне, дүйнөлүк топон суу, Жусуп жана мисирдиктердеги туткун жөнүндө баяндалат. "Мисирден чыгуу" - экинчи китеп - жөөттөрдүн Мисирден кетүүсү, Муса жана анын насааттары жөнүндө баяндайт, кадаа-салттардын жыйындысы болуп эсептелет.

Төртүнчүсү - "Сандар" - жана бешинчи китеп - "Мыйзам кайталоо" - жөөттөрдүн мисирдик туткундан кийинки тарыхына арналган. Анан дагы Инжилде пайгамбарлардын, соттордун жана Ысрайыл падышаларынын китептери, Дөөттүн забурлар жыйнагы, Сулаймандын ырлар жыйнагы, Сулаймандын Накыл сөздөрү жана башкалар орун алган.

Машаякчылык - ири жана Ыбрайым менен дүйнөлүк диндер, мүчөлөрүнүн саны да, болжол менен 2,3 млрд менен, территориялык бөлүштүрүү боюнча - дүйнөнүн ар бир өлкөдө, жок дегенде, бир Ыйсаны жолдогондордун коомчулугу бар.[1]

Жаңы Осуят төрт Жакшы кабардан (Евангилие): Марктын, Матайдын, Луканын, Жакандын жакшы кабарларынан, ыйык элчилердин каттарынан, Жакандын алган аян (же "Апокалипсистен") турат.

1054-жылы христианчылык эки жыйынга: чыгыш жана батыш жыйындарына бөлүнөт. Батыштагысы католиктер деп, чыгыштагысы - православлиелик деп аталып калган.

Машаякчылык Кыргызстанда

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын жарандарынын 80-90% ислам динине кирет. Ал эми калган пайызын Орус Ортодокстуу Чиркөө түзөт. Кыргыз-машаякчылардын көбү - протестантизм бутагына кирет.

Маалымат булагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Тарыхка саякат, Бишкек, 1996. Саплина Е.В., Саплин А.И.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]


  • Жазуулар
  1. Ири жана Ыбрайым менен дүйнөлүк диндер.