Машинанын разряд тору

Википедия дан

Машинанын разряд тору - ЦЭМдин эске туткуч түзүлүшүнө маалымат берип туруучу разряддар тобу.

Машинанын разряд тору арифметикалык түзүлүштүн бир разрядына (бир чөнөккө) туура келет да, анда бир машина сөзү жайгашат. Математикалык эсептөөлөргө арналган ЦЭМдин разряд торунун узундугу эсептөөлөрдүн тактыгына жараша аныкталат. Эсептөө канчалык так болуу керек болсо, разряддык тор ошончолук узун болот, б. а. маалымат туюнткан цифралардын саны да кобойот. Экономикалык маалыматтарды иштетүүтө арналган ПЭМдпн разряд тору­нун өлчөмү кабыл алынган маалыматтарды цифра-алфавит менен кодго айландыруу ыкмасы аркылуу анык­талат. Илимий жана инженерлнк эсептөөлөргө арналган универсал ЦЭМде разряд тордун жылбас узундугу 9-13 ондук же 38-45 экилик разрядга ээ болот. Соода иштеринде разряд то­рунун узундугу автоматтык түрдө өзгөртүлүүчү машиналарда колдонулат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.