Мазмунга өтүү

Машина-трактор агрегаты

Википедия — ачык энциклопедия

Машина-трактор агрегаты – механикалаштырылган жумуштарды аткаруу үчүн трактордон же кыймылдаткычтан жана ага чиркештирилген айыл чарба машинасынан (шайманынан) турган техникалык комплекс. Өзүнүн кыймылдаткычы жана талаада жүрүү, жумушчу органдарын кыймылга келтирүү үчүн кыймыл берүүчү механизми бар агрегат өзү жүрмө деп аталат. Машина-трактор агрегаты жөнөкөй, комплекстүү жана татаал болуп айырмаланат. Жөнөкөй машина-трактор агрегаты бир гана операцияны (мисалы, жумшартуу), ар башка машиналардан турган комплекстүү агрегат эки операцияны (мисалы, жер айдайт жана малалайт), татаал агрегат эки же андан көп операцияны аткарат. Аткарган технологиялык процессине карай машина-трактор агрегаты айдоочу, жыйноочу, бардык жумуштарды аткаруучу, химиялык жол менен илдет, зыянкечтерге каршы күрөшүүдө колдонулуучу, үрөн себүүчү, көчөт отургузуучу, катар аралыкты жумшартуучу, продуктуну алгач иштетүүчү (бастыруучу, үрөн тазалоочу, пресстөөчү); айыл чарба продуктусун ташуучу болуп айырмаланат. Трактор менен бириктирүү ыкмасына карай чиркелме, асма, жарым асма Машина-трактор агрегаты болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]