Мазмунга өтүү

Машина таануу

Википедия — ачык энциклопедия

Машина таануу – машиналар жөнүндөгү илим; ал машина жана механизмдер теориясын, машина тетигинин бекемдигин конструкциялоону жана эсептөөнү, машинадагы жешилүүнү ж. б. изилдейт. Машина таануу теориялык жана эксперименттик изилдөөгө, ошондой эле математика, физика, материалдар каршылыгы, материал таануу ж. б. илимдерге негизделген. Машина таанууга машиналардын жана механизмдердин жалпы теориясы, машина тетиктери сыяктуу предметтер кирет. 1920–30-жылдары машина теориясы боюнча орус окумуштуусу И. И. Артоболевский механизмдин түзүлүш классификациясынын жалпы теориясын иштеп чыккан. 1930-жылы Н. Г. Брусевич тарабынан мейкиндиктүү механизмдин кинетостатика маселеси чечилген. Кийин механизмдер синтезинин теориясы өнүктү. А. А. Благонравовдун илимий эмгектери механика жана куралданууга багытталган. 1950–60-жылдары орус окумуштуулары К. В. Фролов, П. А. Ребиндера, В. В. Соколовский, А. А. Ильюшин, И. А. Вышнеградский, Н. Е. Жуковский ж. б. тарабынан машина таануу боюнча көп эмгектер жасалган. Машина таануу 20-кылымда өтө өнүгүп, машина куруунун жаңы мууну жана жаңы илимий багыттар: автоматташтыруу, робототехника, космостук машина таануу, биомеханика, эргомеханиканын пайда болушу менен жаңы материалдар (аморфтуу, наноматериалдар) кошулду. 20-кылымдын аягында 21-кылымдын башында космонавтика, авиация, транспорт, ядролук энергетикасынын өнүгүшүнүн негизинде татаал шартта иштөөчү, сапаттуу жаңы машина жана технологиялык системаларды жаратуу талаптары коюлду. Учурдагы машина куруу жана автоматташтыруу проблемалары компьютердик өнүгүү менен тыгыз байланышта. Машина таануу боюнча фундаменталдык изилдөө техникалык илимдин жана илимий техникалык прогресстин негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]