Маш ботой (күү)

Википедия дан

Маш ботой(анг. Mash botoy) — белгилүү комузчу Атай Огонбаевдин күүсү.

Күү тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Ботой" — армандуу күүнүн бир багыты болуп саналат. Атай Огонбаев шатыра-шатман мүнөзүнө жараша муңдуу ыргакты өзгөртүп, ыкчамдык, көңүлдүү маанай кошуп, күүнү "Маш ботой" деп атап алып чыккан деп айтылат.

1939-жылы Москвада өткөн маданий декада өтүп, Атай Огонбаев эки шакирти менен "Маш ботойду" чертип чыккан[1]. Эгер бул декаданын кыргыз маданиятындагы орду менен маанисин эске алсак, комузчулар бул күү менен дүйнөлүк аренага чыккан деп айтууга болот.

Кыргызстанда бүйүр кызыткан көк бөрү оюну дээрлик "Маш ботойдун" коштоосу менен өтөт. Оюндун кумары менен күүнүн ыргагы бири-бирине төп келип, толуктап, көрүп отурган кишинин ого бетер делебесин козгоп, канын кызытат. Аларды карап отуруп, "Маш ботой" атайын көк бөрү үчүн жаралгандай сезилет.

Комуздун бул күүсү улуттук башка музыкалык аспаптардын да, дүйнө элдеринин аспаптарынын коштоосунда да кеңири аткарылып келет. Мындан чыгарманын көркөмү артып турары шексиз

Комуз менен ойноо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2016 жылдын январь айында Америкада жашаган кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков "Маш ботой" күүсүн роялда ойногон.Үч мүнөттөн ашуун убакытты алган видео АКШнын ири шаарларында тартылган. Анда Азамат Сыдыков роялды ачык асман алдында ойногон.
  • 2016 жылы өткөн II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде өлкөнүн 7 облусунан чогулган 1000 комузчу "Маш ботой" күүсүн жандуу аткарышып, Гиннесс рекорддор китебине кирген.
  • Кыргызстандык музыканттардын аткаруусундагы "Маш ботой" Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын залында жаңырып, ал жердегилердин узакка созулган кол чабуулары, овация менен коштолгон. Күүнү "Акак" жана "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин музыканттары аткарган. Концерт ТҮРКСОЙ уюму уюштурган фестивалдык программанын алкагында өткөн

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]