Маьариж сүрөсү

Википедия дан
  • 70-сүрө

Маариж сүрөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Кырк төрт айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Суроо берүүчү[2] сөзсүз болуучу жазанын[3] келүүсүн сурап жатты.
  • 2. Ал[4] каапырлар үчүн сөзсүз болот. Эч ким аны токтото албайт.
  • 3. Ал[5] бардык тепкичтердин Ээси[6] болгон Алла тараптан.
  • 4. Периштелер менен Рух[7] Аллага ошол өлчөмү элүү миң жыл болгон Күндө Аллага көтөрүлүшөт.
  • 5. Эң мыкты сабыр кылып, чыдамкай бол.
  • 6. Албетте, аны[8] алыс деп ойлошот.
  • 7. Биз аны жакын деп билебиз[9].
  • 8. Ал күнү асман ээритилген жездей болот.
  • 9. Тоолор жүн сымал болот.
  • 10. Ал кезде жакын[10] жакынынын абалын сурабай калат.
  • 11. Алар[11] бири-бирине көрсөтүлүшөт. Ошол Күнү каапыр азаптан улам балдарын деле төлөп жиберүүгө ниеттенип калат.
  • 12. Айалын жана бир тууганын деле[12]…
  • 13. Аны коргоп жүргөн тууганын да…
  • 14. Жердегилердин[13] баарын (берип), анан[14] кутулгусу[15] келет.
  • 15. Жок![16] Бул – абдан ысык (от!)
  • 16. Анын баш терисин шылып салат.
  • 17. Ага терс бурулуп, чегинген[17] адамды да өзүнө чакырат.
  • 18. Байлык топтоп, казыналарга каткан эле…
  • 19. Чындыгында инсан сабырсыз жаратылган
  • 20. Эгер ага жамандык келсе айабай тынчы кетет.
  • 21. Байлык келсе сараң болуп калат.
  • 22. Намаз окугандар гана андай эмес;
  • 23. Алар ар дайым намаздарында болушат;[18]
  • 24. Жана алардын байлыктарында белгилүү үлүш бар:[19]
  • 25. Тилемчи менен колунда жокторго[20].
  • 26. Кыйамат Күнүнө ишенгендерге,..
  • 27. Эгесинин жазасынан корккондорго,..
  • 28. Анткени Алланын жазасынан эч ким качып кутула албайт.
  • 29. өз денесин сактагандарга[21]
  • 30. Бирок өздөрүнүн айалдары, же күңдөрү менен чектелгендер[22] күнөөлүү эмес.
  • 31. Кимде-ким мындан башканы талап кылса, анда алар чектен ашуучулар.
  • 32. Аманаттарын жана убадаларын сактагандар;
  • 33. Берген күбөлүктөрүндө так болгондор;
  • 34. Намаздарын өз убагында окугандар;
  • 35. Мына ушулар Бейиш бакчаларында сый көрүшөт.
  • 36. Каапырларга эмне болгон, сен тарапка тигилишет?..
  • 37. Оңдон да, солдон да жамаат-жамаат (болушуп),
  • 38. Алардан ар бир адам Бейишке кирүүнү үмүт кылып жатышабы?
  • 39. Бирок. Жок! Биз аларды кантип жаратканыбызды билишет.
  • 40. Чыгыштар менен Батыштардын Эгесине ант болсун! Чындыгында Биз кудуреттүүбүз:
  • 41. Аларды мыктыраагына алмаштырып койууга алсыз эмеспиз. Жана Бизден эч ким озуп кете албайт.
  • 42. Аларга убада кылынган Күн келгенче пайдасыз сөздөргө батып, ойноп жүрө беришсин..
  • 43. Алар мүрзөлөрүнөн[23] чыккан Күнү шашкалактап чуркап калышат.
  • 44. Алардын[24] көздөрү төмөн карап, кордук ороп алат. Аларга убада кылынган Күн дал ошондой (оор!).