Медербеков Сыпарбек

Википедия дан

Медербеков Сыпарбек – акын. Жумгал районунун Куйручук айылында 1942-жылы 20-июлда туулган. 1959-жылы Кайырма айылында орто мектепти бүтүргөн.

1962–1965-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 1967-жылы Кыргыз камволдук-нооту комбинатында иштөө менен баштаган.

1976-жылы анын биринчи ыры «Кыргызстан маданияты» гезитине басылып чыккан. Кийин ырлары гезит-журналдарда, альманахтарда, «Учкун», «Жалын» жый-нактарында жарык көргөн.

1979-жылы анын балдар үчүн жазылган «Соң-Көл гүлдөрү» аттуу китеби «Мектеп» басмасынан басылып чыккан. Ошол эле китеби көп тилдерге которулуп Советтер Союзунун бардык аймагына тараган.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Соң-Көл гүлдөрү: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 15 б.

Көл Кыялы: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1991.

Өмүр саябаны. Жыйнак. – Б., 1997.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цветы Сон-Куля: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1979, 1981. – 14 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]