Эсенбек Медербеков
Медербеков Эсенбек (1936-2003) - кыргыздын белгилүү жазуучусу, романист.
Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жазуучу, сынчы Эсенбек Медербеков Сокулук районундагы Октябрь айылында 1936-жылы туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1959-жылдан Фрунзе шаарынын ар кайсы ишканаларында иштеген. 1962-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, 1974-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында адабий кызматкер, бөлүм башчы, башкы редактордун орунбасары, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын гуманитардык илимдер бөлүмүндө редактор болуп эмгектенген.
Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жазуучунун биринчи «Досумдун тапшырмасы» аттуу очерктер жыйнагы 1968-жылы жарык көргөн. «Кызыл жалын» аттуу тарыхый-көркөм романдын, бир нече очерктер, повесттер жана аңгемелер жыйнактарынын автору. Ал тарабынан С.Антоновдун «Главный вопрос» аттуу аңгемелери (1971) которулган. 1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган.
Жарык көргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Досумдун тапшырмасы: Очерктер. – Ф.: Мектеп, 1968. – 120 б.;
- Суусамыр: Очерктер – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 196 б.;
- Нурия: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 15 б.;
- Тунгуч мектеп: Очерктер. – Ф.: Мектеп, 1974. – 142 б.;
- Баба дыйкан: Очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 104 б.;
- Кичинекей алп: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1978. – 180 б.;
- Кызыл жалын: Тената: Тарыхый көркөм баян. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 228 б.
Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6
- Антонов С. Башкы маселе: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 131 б.