Медербек Акимкожоев

Википедия дан

Медербек Акимкожоевдин ѳмүр баяны

Акимкожоев Медербек 1920 – жылы Жумгал районунун, Базар – Турук кыштагында кедей – дыйкандын үй бүлѳсүндѳ туулган. Атасы Акимкожо эрте кайтыш болуп, Медербек эненсинин колунда тарбияланган. 1930 – 1932 – жылдары Кочкор районундагы интернатта тарбияланган; 1935 – 1937 – жылдары Фрунзедеги зовет – техникумда окуган; 1940 – 1942 – жылы Базар – Турук айылында участкалык зоотехник; 1942 – 1946 – жылдарында колхоздо эсепчи; 1946 – 1948 – жылы Жаңы – Арык сельсоветинде катчы болуп иштеген. 1948 – 1953 – жылы «Кызыл – Туу» колхозунда жана Жаңы – Арык участкалык зоотехник; 1953 – 1955 – жылы «Совет» колхозунда ферманын зоотехниги; 1955 – 1959 – жылы «Совет» колхозунда звенонун башчысы; 1959 – 1965 – жылы«Совет» колхозунда ферманын зоотехниги; 1965 – 1974 – жылы «Кызарт» совхозунда кадрлар боюнча инструктор; 1974 – 1986 – жылы совхоздо байланыш бѳлүмүнѳ башчы; 1980 – жылдан баштап ардак эс адууга чыккан. Акимкожоев Медербек 1959 – жылдан бери СССР Жазуучулар Союхунун мүчѳсү. 1939 – жылдан баштап чыгарма жаза баштаган: • Биринчи китеби 1959 – жылы «Тоо жели» деген ат менен жарык коргон. • Андан кийин «Кремлдин жанында» - 1962 – ж, • «Керимбек» - 1966 – ж, • «Жайлоо таңы» - 1969 – ж, • «Мээрим» - 1977 – ж, • «Тайна пера», «Калем сыры» - 1984 – ж, • «Кыял чабыттары» - 1991 – ж, • «Кѳгүлтүр тоолор» жарык кѳргѳн.

Кыргыз Совет адабиятында сиңирген эмгеги үчүн жана 50 (элүү) жашка толгондугуна байланыштуу акын Акимкожоев Медербек Кыргыз ССР Жогорку Советинин «Ардак грамотасы» менен сыланган. 1970 – жылы М. Акимкожоев 60 (алтымыш) жашка чыккандыгы жана эмгекчилерди коммунисттик тарбиялоодо активдүү катышкандыгы үчүн Кыргызстан Коммунисттик партиясынын, Нарын областтык комитетинин «Ардак грамотасы» менен сыйланат. 20.11.1980 – жылы Кыргызстан Жазуучулар Союзу, эмгекчилерди коммунисттик духта тарбиялооодо кошкон салымы, ошондой эле 60 жашка чыккандыгына байланыштуу Акын Медербек Акимкожоевди «Ардак грамотасы» менен сыйлаган.