Асылбек Медетбеков

Википедия дан
Медетбеков Асылбек‎»‎ барагынан багытталды)

Медетбеков, Асылбек - акын, сынчы. Ленинполь районунун Кең-Арал айылында 1939-жылдын 29-июнунда туулган. 1957-жылы Чалдовар мектеп-интернатын, 1962-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1964-1967-жж. Кыргыз ССРинин ИАсынын Философия жана укук институтунун аспирантурасында окуган. Философия илимдеринин кандидаты (1971).

Эмгек жолун Тажик ССРинин Жерге-Тал районундагы К.Маркс атындагы сегиз жылдык мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1963-жылдан Чүй орто мектебинде, Талас облусундагы Киров районунун Чоң-Коргон орто мектебинде, 1969-жылдан Фрунзедеги Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун марксисттик-лениндик философия кафедрасынын улук окутуучусу болуп, 1971-жылдан В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун кафедрасында эмгектенген.

Алгачкы «Анда да жаз болчу» аттуу повесттер жана аңгемелер жыйнагы 1968-жылы басылып чыккан. Бир нече поэтикалык жыйнактардын, кыргыз поэзиясына, прозасына жана фольклоруна тиешелүү адабий сын жана адабият таануу боюнча макалалардын автору.

Ал тарабынан М.Жалилдин «Алтынчач» драмасы, Р.Гамзатовдун, А.Твардовскийдин, С.Маршактын ж.б. ырлары кыргыз тилине кото-рулган.

1987-жылдан СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анда да жаз болчу: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1968. – 62 б.

Тууган жер: Ырлар, поэма, балладалар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 111 б.

Жаштык жылдар: Лирикалык ыр жыйнак. – Ф.: Мектеп, 1972. – 79 б.

Асылдык проблемасы: Макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 104 б.

Жүрөк ырдайт: Ырлар жана поэмалар, балладалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 124 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]