Медиана

Википедия дан

Медиана (латынча mediana – ортоңку) – 1) – үч бурчтуктун чокусун карама-каршы жагынын тең ортосу менен туташтыруучу кесинди. Үч бурчтуктун медианалары бир чекитте кесилишип, кээде ал чекит үч бурчтуктун «оордук борбору» деп аталат. Үч бурчтуктун медианасы аны аянттары бирдей болгон эки үч бурчтукка бөлсө, анын үч медианасы аны аянттары бирдей болгон алты үч бурчтукка бөлөт. Тең капталдуу үч бурчтуктун негизине жүргүзүлгөн медианасы анын биссектрисасы да жана бийиктиги да болуп эсептелсе, тең жактyу үч бурчтуктун медианалары анын биссектрисалары жана бийиктиктери менен дал келет; 2) тетраэдрдин чокусун ага карама-каршы жаткан грандын оордук борбору менен туташтыруучу кесинди. Тетраэдрдин төрт медианасы бир чекитте кесилишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]