Медитативдик лирика

Википедия дан

Медитативдик лирика, медитативдүү лирика (лат. тереңдетилген жана максатка багытталган ой жүгүртүү) – турмуштун бул же тигил маселелери боюнча акындын ой жүгүртүүсүн билдирген, ой жүгүртүү формасында жазылган лирикалык жанр. Ал көбүнчө философиялык поэзия менен айкалышат. Мындай лириканы сентименталисттер менен романтиктер көп колдонушкан. Кээде кургак ой жүгүрткөн, маңызсыз ырларды да какшыктап ушул термин менен атап коёт. Медитативдик лирика кыргыз поэзиясында 60-жылдардан кийин бир кыйла жакшы өнүккөн. Мисалы:

Адамдар төрөлөт түндөрдө,

Адамдар көбөйөт түндөрдө,

Адамдар сүйүшөт түндөрдө,

Адамдар өлүшөт түндөрдө,

Түн – чоң сыр,

Түн – дүлөй турмуш,

өз балдарын жутуп

жана тынымсыз

кайра ордуна

төрөп жаткан Мезгилдей.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004