Медициналык кибернетика

Википедия дан

Медициналык кибернетика — тирүү организмдер менен адамдардын коллективинде информацияларды башкаруу жана иштеп чыгаруу процесстерин, ооруларды айыктыруу жана алдын алуу максатта. изилдөөчү илим. Бүтүндөй тирүү организм менен анын айрым элементтери система түрүндө каралып, анда информация кабыл алынат, чогулат, иштеп чыгарылат, берилет жана организмдеги тиричилик процесстердин жүрүшүн камсыз кылуучу атайын реакциялар пайда болот. Медициналык кибернетика боюнча кайсы оору болбосун ал информацияны кабыл алуу, өткөрүү, иштеп чыгаруу бузулат. Медициналык кибернетиканын методдорун (математикалык жана электрондук моделдөө, электрондук эсептегич машиналарды колдонуу жана башкалар) колдонуу врачтарга оорунун диагнозун туура коюуда жана дарылоодо жардам берет. Медициналык кибернетиканын өнүгүшү кийинки кездеги электрондук эсептегич техниканын жана организмдин абалы жөнүндө информацияны кабыл алуучу жаңы каражаттардын пайда болушу менен байланыштуу. Медициналык кибернетиканын изилдөөлөрүнө электрондук эсептегич машинанын (ЭЭМ) атайын диагностикалык программанын жардамы менен оорулуунун диагнозун коюу, ошондой эле көп диагноздон бирөөнү тууралап коюу кирет. Диагностика системалары врачтарга татаал учурларда алардын жардамына кайрылуу максатында иштелип чыгарылат. Анда көп информация салынган ЭЭМ, ал врачка кандай оору экендигин болжолдоп жооп бере алат же дагы кайсы ыкма менен оорулууну изилдөө керек экендигин билдирет. Ошондой эле калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу үчүн колдонулат. Мисалы, медициналык мекемеде керектүү адис болбосо анын ордуна ЭЭМ же атайын байланыш аркылуу адистештирилген кеңеш алса болот. Диагностикалык системалар калкты массалык түрдө медициналык кароодон өткөргөн кезде алардын арасынан ушул оору менен мүмкүн ооруп кала тургандарды табууда колдонулат. Ушундай багыттагы иштерге электр-энцефалограмманы, электр-кардиограмманы жана башкалар маалыматтарды ЭЭМдин жардамы менен баалоо кирет. Ички чөйрөнүн туруктуу (гемеостаз) сакталышынын механизмдерин изилдеп, ооруларды дарылоодо көптөгөн дарылардын, ыкмалардын арасынан ушул гана ооруларга ылайык келүүчү дарылар менен ыкмалардын керектигин аныктайт. Көп сандаган калктын ден соолугунун абалын эсепке алуу ыкмаларын иштеп чыгарат. Мындай эсептөөнүн жардамы менен калктын саламаттыгынын абалынын өзгөрүшүн аныктап, шашылыш учурда тез жардам көрсөтүүгө же ар кайсы ооруларды алдын алуу чараларын пландуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Медициналык илимий изилдөөлөрдү башкаруу системасы эң чоң информациялык системалардын бири. Бул системаларды түзүүдө окумуштууларга азыркы кездеги медицинанын проблемаларын чечүүгө (мисалы, жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын, онкологиялык жана жугуштуу ооруларды алдын алуу жана дарылоо) жардам берип, бул ооруларга каршы күрөшүүдөгү изилдөөлөрдү башкарып, жөнгө салат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо мекемелеринин ишин башкарууда автоматтык башкаруу системасы (АБС) чоң роль ойнойт. Алардын ичинен «Кадр» деп аталуучу системасынын жардамы менен медициналык кадрларды туура бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга болот. Ошондой эле «Диспансер», «Поликлиника», «Стационар» деген АБС калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртууга жардам берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8