Медициналык климатология

Википедия дан

Медициналык климатология - медицина илимиминин адам организмине климат менен аба ырайынын таасирнн сарылоо максатында пайдалануу методдорун изилдөөчү тармагы.

Медициналык климатология көнүмүш жана көнбөгөн климаттык шартка адамдын организминде табигый дүүлүктүргүчтөн пайда болгон “Өзгөрүүлөрдү, оорунун чөйрөдө таралышынын, географиялык, биологиялык (абанын химиялык составы, кычкылтектин атмосферада өзгөрүүлөрү, күндүн активдүүлүгү ж. б.) факторлордун ооруга тийгизген таасирин изилдейт.

Климаттык шарттын, аба ырайынын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө байыркы мезгилде эле көп маалыматтар топтолгон. Кийинчерээк ал айргым элдерде илимий деңгээлге чейин өсүп жеткен.

СССРде Медициналык климатология кеңири сани­тардык-курорттук база түзүүгө, калктын миграциясынын күчөшүнө, жаңы аймактарды өздөштүрүүгө байланыштуу өнүгүүдө. Климаттын адам организмине олуттуу таасир тийгизүүчү деңиздик, континенттик, тоолуу, чөлдүк ж. б. типтери бар. Кээ тир географиялык алкактарда климат катаал болгондуктан адам жашоону камсыз кылуучу каражаттарды колдонсо да чыдай албашы мүмкүн. Адам организминин физиологиялык функциялары жана ишке жөндөмдүүлүгү чөйрөнүн өз алкагында мезгилдүү өзгөрүүлөрүнө ланыштуу. Ар бир географиялык зонадагы биоклиматтык өзгөрүүлөрдү изилдөө, ооруну алдын ала болтурбай коюууга, сезондук ооруларды таратпоого жана күчөтпөөгө, ошондой эле ыңгайсыз климаттык шарттан улам эски оору үчүн өзүнчө дарылоо режимин иштеп чыгууга медициналык климатология жардам берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.