Медициналык пункт

Википедия дан

Медициналык пункт — ооруларды дарылоо-алдын алуу иштерин жүргүзүүчү мекеме; ал аскер бөлүктөрүндө, пионер лагерлеринде, студенттик курулуш отряддарында, метрополитен станцияларында, вокзалдарда жана башкалар уюштурулат. Айрым шарттарда (оорукана, поликлиника алыс болсо) анча көп эмес жумушчуларды тейлөө үчүн фельдшердик же дарыгерлик саламаттыкты сактоо пункттары, колхозчулар үчүн фельдшер-акушердик пункттар да түзүлөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8